БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинин алкагында салмакка түшүп, көз караштар таймашына катышты.
Видеону жүктөгөн уюмдун Евразиядагы баракчасы “UFCге кош келдиң, Мыктыбек! Комментарийде ага колдоо сөздөрүн жаза кетиңиздер” деп билдирген.
Оролбай уулунун уюмдагы алгачкы кармашы 18-ноябрга караган түнү Лас-Вегаста өтүп, сербиялык Урош Медич менен күч сынашат.
Мыктыбек ММА мушташында 13 беттеш өткөрүп, анын 11инде жеңишке жетип, бир ирет утулуп калган. Ал эми атаандашы Медичте 10 беттеш болгону, анын тогузунда жеңишке жетип, бир жолу жеңилгени жазылган.
Белгилей кетсек, UFC беттештеринде Кыргызстандын атынан бир тууган Валентина жана Антонина Шевченколор чыгып келе жатышат.