Жүздөгөн батири ипотека менен элге берилет. Ташиев Көлбаевдин мүлкү жөнүндө

Көлбаевдин 100 миллиард сомго бааланган мүлкүнүн 20 миллиарддык бөлүгү мамлекетке берилери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Маркум криминалдык төбөл Камчы Көлбаевдин 820дан ашык батири болгон, эми алар мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу элге берилет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Панфилов районунда атайын кызматтын имаратынын ачылышында билдирди.
“Бир турак жай комплексинде Көлбаевдин 700 батири, башкасында 60, үчүнчүсүндө 40, ал эми дагы биринде 20-30 батири аныкталган. Мунун баары МИК аркылуу элге берилет”, — деген Ташиев.
Ал Көлбаевдин 100 миллиард сомго бааланган мүлкүнүн 20 миллиарддык бөлүгү мамлекетке берилерин кошумчалады.
Көлбаевдин тажиясына барган. Ташиев Түмөнбаевди жоопко тартпаган себебин айтты