Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен Киотодо чай аземинде. Видео

Мамлекет башчы менен жубайына Японияда чай ичүү каадасы жөнүндө кеңири айтып беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жана жубайы, биринчи айым Айгүл Жапарова Киото (Япония) шаарында чай даярдоонун өзгөчөлүктөрүнө күбө болушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдирди.
“Жапаровдорго Японияда чай ичүү каадасы жөнүндө кеңири айтып беришти. Андан соң чай аземинин чебери даамдуу суусундук тартуулады”, — деп айтылат маалыматта.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров жана жубайы, биринчи айым Айгүл Жапарова Киото (Япония) шаарында чай даярдоонун өзгөчөлүктөрүнө күбө болду

2 / 4

Жапаровдорго Японияда чай ичүү каадасы жөнүндө кеңири айтып беришти

3 / 4

Андан соң чай аземинин чебери даамдуу суусундук тартуулады

4 / 4

Японияда чай ичүү — бүтүндөй бир искусство. Япон тилинде "чай аземи" деген сөз айкашы садо (тядо) деп айтылат, бул сөзмө-сөз "чай жолу" дегенди билдирет

Японияда чай ичүү — бүтүндөй бир искусство. Япон тилинде "чай аземи" деген сөз айкашы садо (тядо) деп айтылат, бул сөзмө-сөз "чай жолу" дегенди билдирет.
Президент Жапаровду Токиодо кантип тосуп алышты. Видео