Кыргызстанда жылына 10-12 миңдей ымыркай айына жетпей төрөлөт

Адистер ара төрөлгөндөр да кадимкидей балдардай дени сак болуп чоңоёрун жана бул учур алардын келечегине таасир этпей турганын айтып түшүндүрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жылына 10-12 миңдей ымыркай айына жетпей төрөлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
1 / 2

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 10-15 жылда ай-күнүнө жетпей туулган балдарды ата-энелери менен чакырып, атайын иш-чара өткөрдү

2 / 2

Адистер ара төрөлгөндөр да кадимкидей балдардай дени сак болуп чоңоёрун жана бул учур алардын келечегине таасир этпей турганын айтып түшүндүрүшкөн

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 10-15 жылда ай-күнүнө жетпей туулган балдарды ата-энелери менен чакырып, атайын иш-чара өткөрдү.
Адистер ара төрөлгөндөр да кадимкидей балдардай дени сак болуп чоңоёрун жана бул учур алардын келечегине таасир этпей турганын айтып түшүндүрүшкөн.
“Көптөгөн көрүнүктүү инсандар мезгилинен эрте төрөлүп, жашоодогу оор башталыштарына карабастан укмуштуудай ийгиликтерге жетишти”, — деп адистердин айтканын министрлик билдирди.
ДССУнун маалыматында, бала бойго бүткөндөн кийин 37 аптага жетпей жарык дүйнөгө келсе ара төрөлдү деп саналат, ал эми төрөлгөндө 2,5 килограммдан аз болсо салмагы жетишсиз деп эсептелинет.
ДССУ ара төрөлгөн балдарга "кенгуру ыкмасын" колдонууну сунуштайт