Фитосанитардык сертификат алууга зарыл болгон документтердин тизмеси

Министрлик аталган документти берген даректерди да жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги ишкерлерге продукцияларды четке чыгарууда фитосанитардык сертификат маанилүү экенин эскертти.
Мекеменин маалыматына ылайык, фитосанитардык сертификат алуу үчүн төмөнкү документтер керек:
кагаз түрүндө арыз;
паспорт же аскердик билет;
товарды коштоочу документтердин көчүрмөлөрү;
ар бир товардын маркировкасы же таңгактын маркировкасынын үлгүсү;
келишимдин же контракттын көчүрмөсү (эгер болсо);
маркировкада продукциянын аталышы, анын чыккан жери жана экспорттоочу өлкө жөнүндө маалыматы.
Сертификат ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык көзөмөлгө алынуучу продукциялардын бирдиктүү тизмесиндеги жогорку фитосанитардык тобокелдикке киргизилген продукцияларга берилет.
Бул документти алуу үчүн даректер шилтемеде.
Пресс-борбор
Кыргызстан өзүн кайсы азыктар менен камсыз кыла алат?