БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү жалпы энергетика рыногун түзүү боюнча талаштуу маселелердин көбүн чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Беларустун энергетика министри Виктор Каранкевич менен жолугушууда билдирди.
© Фото / пресс-служба ЕЭК
Кожошев ЕАЭБде долбоорду ишке ашыруунун алкагында биргелешкен иштердин жүрүшүнө жакшы баасын берген.
“Өлкөлөрдө стратегиялык документтерди даярдоо боюнча жумуштар олуттуу түрдө алдыга жылды. Азыр газ тармагы боюнча гана бир пикирге келише элек, башка маселелердин басымдуу бөлүгү чечилди. Калганын 22-ноябрда өтө турган энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын башчыларынын кеңешинин жыйынында кароону пландап жатабыз”, — деди Кожошев.
Ошондой эле ал өкмөт башчылар энергетика рыногун түзүүдөгү үч негизги документти бекитип бергенин белгилеген. Ал биримдиктеги өлкөлөрдүн чарбалык субъектилеринин бул рынокко киришине жол ачат.