Бишкекте 26 косметологиялык салон лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды

Жарандар расмий иштеген мекемелерди министрликтин сайтынан текшерип алса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкекте косметологиялык жайлардын ичинен 26сы тиешелүү лицензиясы жок иштеп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Бишкекте косметологиялык жайлардын ичинен 26сы тиешелүү лицензиясы жок иштеп жатканы белгилүү болду

2 / 5

Атайын комиссия 16-17-ноябрда косметологиялык процедураларды жүргүзгөн салон жана кабинеттерди текшерген

3 / 5

Жыйынтыгында 26 мекеме тиешелүү документтерисиз эле медициналык операцияларды жасап жатканы белгилүү болуп, аларга 84 миң сом айып салынган

4 / 5

Министрлик калктын саламаттыгына кам көрүү максатында лицензиясы бар жеке менчик медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт

5 / 5

Жарандар расмий иштеген мекемелерди бул портал аркылуу билсе болот: med.kg

Атайын комиссия 16-17-ноябрда косметологиялык процедураларды жүргүзгөн салон жана кабинеттерди текшерген.
Жыйынтыгында 26 мекеме тиешелүү документтерисиз эле медициналык операцияларды жасап жатканы белгилүү болуп, аларга 84 миң сом айып салынган.
Министрлик калктын саламаттыгына кам көрүү максатында лицензиясы бар жеке менчик медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт. Жарандар расмий иштеген мекемелерди бул портал аркылуу билсе болот: med.kg
Ошто санитардык норма сакталбаган сулуулук салондору жана медициналык жай жабылды