Байсалов: улуу орус маданиятын жокко чыгаруу аракетин Кыргызстан четке кагат

Аткаминер ар бир өлкөнүн маданий мейкиндиги болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Россия – улуу маданияттын өлкөсү, ал кылымдар бою дүйнөлүк цивилизациянын талашсыз борборлорунун бири болуп келген жана азыр да чечүүчү ролду ойноп, бүткүл адамзаттын жашоосуна жана дүйнө таанымына зор таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
1 / 3

Россия – улуу маданияттын өлкөсү, ал кылымдар бою дүйнөлүк цивилизациянын талашсыз борборлорунун бири болуп келген жана азыр да чечүүчү ролду ойноп, бүткүл адамзаттын жашоосуна жана дүйнө таанымына зор таасирин тийгизүүдө. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди

2 / 3

Ал Санкт-Петербургдагы эл аралык IX маданий форумуна катышкан. Аткаминер ааламдашуу жана маалыматтык технологиялар доорунда ар бир өлкөнүн маданий мейкиндиги болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын белгиледи

3 / 3

Аткаминер маданият согушу жаңы көрүнүш эмес экенин, бирок бүгүнкү күндө ал жаңы формаларга ээ болгонун айткан

Ал Санкт-Петербургдагы эл аралык IX маданий форумуна катышкан. Аткаминер ааламдашуу жана маалыматтык технологиялар доорунда ар бир өлкөнүн маданий мейкиндиги болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын белгиледи.

“Биз Россиянын жана дүйнөнүн маданий борбору, Пушкин менен Достоевский, Чайковский менен Прокофьев, Павлова менен Ахматова иштеген улуу шаар Санкт-Петербургга чогулуп, дүйнөлүк маданияттын эң актуалдуу проблемаларын сүйлөшүүдөбүз. Бүгүн биз заманбап дүйнөдө актуалдуу болгон теманы – маданий эгемендүүлүктү талкуулап жатабыз”, — деген Байсалов.

Аткаминер маданият согушу жаңы көрүнүш эмес экенин, бирок бүгүнкү күндө ал жаңы формаларга ээ болгонун айткан.
“Өзүнүн бай жана кайталангыс маданий мурастары менен Кыргызстан ар дайым маданиятын жана өзгөчөлүгүн сактоону, өнүктүрүүнү жактап келген. Биз маданий көп түрдүүлүктү урматтайбыз жана маданияттар ортосундагы диалогго умтулабыз. Ошол эле учурда уникалдуу маданий салттарды четке кагууга жана унутууга чечкиндүү каршыбыз. Маданий мурастарды сактоо жана маданий иденттүүлүктү жайылтуу туруктуу өнүгүүнүн жана тынчтыктын ачкычы”, — деген өкмөт башчынын орун басары.
Ал сөзүнүн аягында Кыргызстан улуу орус маданиятын жок кылуу, анын алдыңкы өкүлдөрүн жазалоо жана жамааттык жоопкерчилик маселесин таңуулоо аракеттерин четке кагарын билдирген.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Матвиенко: 2024-жылы Россияда 400 миңден ашык чет элдик студент билим алмакчы