Радио

Алыбаева: денеге оорчулук келтирерден мурда организмди даярдаш керек

С. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун ассистенти Сурмакан Алыбаева организмди даярдабай туруп оор көнүгүүлөрдү жасоо ден соолукка зыян экенин айтты.
Sputnik
Ар бир адам оор жумуштарды же оор көнүгүүлөрдү өзүнүн акыбалына жараша жасаш керектигин Сурмакан Алыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө балдар бойго жеткен мезгилде ден соолугуна кылдат көңүл бурушу шарт.
"Азыркы заманда денесине күч келтирип иштегендер аз. Көпчүлүк офис жумуштары менен алек. Бирок оор жүк ташып базарда жана курулуш тармактарында иштегендер да бар. Өзгөчө балдар мындай учурда ден соолугуна көңүл бурушу шарт. Анткени оор нерсе көтөргөндө омуртка муундары козголот. Күч менен тартканда көп учурда жүлүнгө доо кетет. Балдарда грыжанын пайда болуп жаткандыгы оор жүк көтөргөндүктөн улам болууда. Оор жумуш жасоо үчүн же спорттун оор түрлөрү менен машыгуу үчүн алгач организмди даярдоо кажет. Спорт менен машыгыш керек. Бүгүн, мисалы, 10 мүнөт чуркаса, эртең бир аз көбөйтсө болот. Айрымдар арыктайм деп бир күнү 3 чакырым чуркап, эртеси турбай жатып калат. Баарын акырындык менен жасоо зарыл. Машыгып жатканда кайсы жерге күч келип жатканын атайын спорт дарыгери же машыктыруучу көзөмөлдөш керек. Качан гана организм даяр болгондо оор жумуш да, спорттун оор түрү менен да алектене берсе болот", — деди Алыбаева.
Ал ден соолугуна адамдар алгач жакшы көңүл бөлбөй, анан дарыгерлерди карабай койду деп күнөөлөгөн туура эместигин белгиледи. Организмди кайра артка кайтаруу функциялары иштебей калгандан кийин ак халатчандардын колунан да эч нерсе келбээрин кошумчалады.