19-ноябрга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн айрым региондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл аймагында +6...+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Нарын жергесинде +5...+10 градус болот.
Термометр борбор калаа Бишкекте +9...+11, ал эми Ош шаарында +15...+17 градусту көрсөтөт.
Радио
Инвестициялар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыкты