КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы

Матвиенко: орус тили КМШ өлкөлөрү үчүн биримдик диаологунун негизи катары кызмат кылууда

Евразиялык көп элдин өкүлдөрү өзүнүн эне тилиндеги сөздөрдү орус тилинен оңой эле таба алат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Орус тили КМШ өлкөлөрү үчүн биримдик диалогунун негизи катары кызмат кылып жатканын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) 56-пленардык отурумунда белгиледи.
Анын айтымында, шериктеш мамлекеттерге котормочунун кереги жок, баарына түшүнүктүү болгон жалпы тил өз ара түшүнүшүүнү, кызматташууну жеңилдетет. Бул КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясында да таасын көрүнүп турат.
"Көптөгөн этностордун тилдерин өзүнө сиңирип алган орус тили көп улуттуу Россиянын чыныгы символу катары кызмат кылат. Россиялык киши үчүн орус тили биздин маданияттын, окшоштуктун өзөгү, биздин мамлекеттүүлүк менен цивилизациянын негизи. Акыркы жүз жылда орус тили улут аралык жана маданияттар ортосундагы пикир алышуунун куралы катары өнүктү, өзгөрдү. Евразиялык көп элдин өкүлдөрү өзүнүн эне тилиндеги сөздөрдү орус тилинен таба алат. Башка тилдерден кошулган сөздөрдү, анын ичинен КМШ боюнча коңшулардын лексикасынан өзүнө сиңирип алуу жөндөмдүүлүгү орус тилин бүтүн бир бөлүккө айлантат жана анын эң сонун сапатын көрсөтүп турат", — деп белгилеген Матвиенко.
Ал тилдик саясат ар бир мамлекет үчүн маанилүүлүгүн, бул приоритеттердин бири экендигин айткан. Аны менен катар эле коомчулук үчүн өтө аяр маселелердин катарында турарын да кошумчалаган.
"Мыйзам чыгаруу деңгээлинде сиздер (КМШ өлкөлөрү — ред. ) бул жааттагы саясат майнаптуу, ойлонулган жана тең салмакта болушуна болгон күчтү жумшайсыздар. Шериктештиктеги өзүнүн улуттук тилин бекемдөө боюнча ар бир аракет кадыресе нерсе экенин көрүп турабыз. Айтматов да элдин узак жашашы анын эне тилине байланыштуу экендигин айткан эмеспи", — деген Матвиенко.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Матвиенко Айтматов жөнүндө: мындай масштабдагы ойчул дүйнөлүк маданиятка таандык