КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы

Матвиенко Айтматов жөнүндө: мындай масштабдагы ойчул дүйнөлүк маданиятка таандык

Айтматов калемгер катары оюн жаңы табылгалар менен берүүгө умтулуп, ХХ кылымдын адабиятында революция жасагандай эле болду. Философиялык романдар жанрында мыкты чеберге айланды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов сыяктуу масштабдагы ойчулдар дүйнөлүк маданиятка таандык. Бул туурасында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жазуучунун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда айтты.
"Чыңгыз Айтматовдун юбилейи Кыргызстанда эле эмес, Россияда жана башка бир топ өлкөлөрдө кеңири белгиленип жатат. Албетте, мындай тереңдиктеги ойчул, жазуучу, коомдук ишмер дүйнөлүк маданиятка таандык. Айтматовду Россияда дагы өз, элдик, улуттук жазуучу жана философ деп билишет", — деген Матвиенко.
Төрайым бул залкар калемгердин чыгармаларын дүйнө жүзү жакшы көрүп окуй турганын белгиледи.
"Азыркы адабиятка ал жалындаган метеор катары шукшурулуп кирип келди. "Жамийла", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу" сыяктуу гениалдуу чыгармалары Советтер Союзунун маданий жашоосун ойготуп, жаңылады. Айтматовдун китептерин сатып алуу үчүн эл кадимкидей узун кезекке турган учурлар эсимде. Китепканаларга жазылуу жумалап, айлап созулган. Бул коомдун берген баасы, даңктап көкөлөткөнү, жалпы элдин сүйүүсү эле. Жазуучунун эмгегин бүт дүйнө тааныган. "Гүлсарат" повести СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ал эми "Ак кеме" 70-жылдардын башында дүйнөлүк бестселлер болгон", — деп белгиледи Матвиенко.
Айтматов калемгер катары оюн жаңы табылгалар менен берүүгө умтулуп, ХХ кылымдын адабиятында революция жасагандай эле болду. Философиялык романдар жанрындагы мыкты чеберге айланды.
"Ал баяндаган жөнөкөй адамдардын тагдырынын артында ат көтөргүс, салмактуу, терең ойлор, идеялар жатат. "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести, "Бороондуу бекет" роман-притчасы Айтматовдун чыгармачылыгындагы өтө бийиктиктеги чыгармалары деп бааласак болот", — деп сөзүн аяктады Матвиенко.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Матвиенко: Айтматов Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамилени баалачу