Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд. долларга жакындап калды

Мамлекеттик карыздын басымдуу бөлүгү тышкы бересенин үлүшүнө туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Сентябрдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 987 миллион долларга (531,1 миллиард сом) жетти. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматында айтылат.
Бул сумманын басымдуу бөлүгү — тышкы бересе. Ал дээрлик 4,5 миллиард долларга (398 миллиард сомго) барабар. Бул сумманын 51,9 пайызы өлкөнүн көп тараптуу насыялары экени айтылды.
Ички карыз 1,5 миллиард долларга (133,1 миллиард сом) бааланган.
90%ын жойдук. Садыр Жапаров коррупция жана тышкы карыз тууралуу