Соттолгон адам түрмөдөн качып, кароолчу ок чыгарып токтотту

Качкан киши колониянын тосмолорунан өтүүгө жетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. —Sputnik. Кыргызстанда соттолгон киши түзөтүү колонияларынын биринен качууга аракет кылганын Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, соттолгон киши түрмөнүн тосмолорунан өтүүгө жетишкен.
"Күзөт департаментинин аскери эскертүү иретинде бир нече ирет ок чыгарган соң абактан качып бараткан адам колго түшүрүлгөн", — деп айтылат кабарда.
Аталган факт боюнча Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы иш козгоп, иликтөө уланып жатканын билдиришти.
Түрмө — пансионат эмес! Ташиев саясатчыларга эскертүү берди