БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргыз окумуштуусу, академик Абдылдажан Акматалиевге Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ыйгарылды.
Акматалиевге сыйлыкты Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев тапшырды.
Шакиев бул сыйлык жыл сайын адабият жаатындагы жетишкендиктери боюнча өзгөчөлөнгөн, оригиналдуу чыгармаларды жараткан адамдарга ыйгарылып келерин белгиледи. Ал ошондой эле Акматалиев дүйнөдөгү алдыңкы айтматов таануучу экенин кошумчалады.
"Акматалиев улуу жазуучунун чыгармачылыгына арналган ондогон китептер менен макалалардын автору болуп саналат. Мындан тышкары, гуманитардык ишмердүүлүк жаатындагы көрүнүктүү ийгиликтери үчүн КМШнын "Шериктештиктин жылдыздары" аттуу мамлекеттер аралык сыйлыгынын лауреаты болгон", — деди ал.
Окумуштууга бир миллион сом тапшырылды.
Бүгүнкү күндө КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы төмөнкү адамдарга берилген:
россиялык жазуучу Юрий Поляковго,
азербайжандык жазуучу, сценарист-режиссер Анар Рзаевге,
армениялык акын, филолог-котормочу Грачье Тамразянга,
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевге,
казак акыны, жазуучу Олжас Сулеймановго,
тажик акыны, драматургу, киносценаристи Мухаммад Гоибге,
беларус жазуучусу, адабият таанучу Владимир Гниломедовго,
өзбек окумуштуусу, адабият таануучу Шухрат Сирожиддиновго.