Пресс-борбор

Кыргызстан өзүн кайсы азыктар менен камсыз кыла алат?

Министр былтыркы жылдан бери Кыргызстан өзүн эт жана кумшекер менен 80 пайызга чейин камсыз кылып калганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу жаатында кырдаал жакшырууда. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ал өсүмдүк майынын 70 пайызын, тоок жумурткасынын 40 пайызын өлкө сырттан аларын айтып, ушул жылы алынган түшүмдүн жыйынтыгы боюнча, буудайга болгон суроо-талаптын 40 пайызын өлкө импорттун эсебинен жабарын белгилеген. Бул — Кыргызстан өзүн толук камсыз кыла албаган азык-түлүктөр.
"Башка калган позиция боюнча жакшы эле алдыга жылдык. Былтыркы жылдан бери эт жана кумшекер менен өзүбүздү 80 пайызга чейин камсыз кылып калдык. 2025-жылдын соңу же 2026-жылга чейин жети азыкты тең сырттан албай калабыз. Болгону өсүмдүк майы боюнча кыйынчылык бар. Анткени май бере турган өсүмдүктү эккен фермерлер аз болуп жатат", — деген министр.
Эске салсак, өкмөттүн 10 негизги азык-түлүктү тизмектеген токтому бар.
Борбор Азия өзүн түшүм менен камсыздай алабы жана КР боюнча божомол кандай?