Мыйзам долбоорун демилгелей ала тургандар үчтөн жетиге көбөйтүлгөн. Бул тууралуу Таттыбүбү Эргешбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул Кыргызстандын тарыхындагы прецедент болуп саналат.
"2021-жылдын 5-майында кабыл алынган азыркы Баш мыйзамдын 85-беренесине ылайык, жети субъект мыйзам долбоорун сунуштоого укуктуу. Алар: элдик демилге (10 миң шайлоочу), президент (аткаруу бийлиги), Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасы, Элдик курултай жана компетенциясына кирген маселелер боюнча жогорку сот менен башкы прокурор. Мурда бул укук биринчи үчөөнө эле (аткаруу бийлигине премьер-министрди кошуп) берилген. Ал эми Баш мыйзамдын 86-беренесине ылайык, мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилип, үч окуудан депутаттар макулдугун берсе, ага президент кол коет. Өлкөдө кандайдыр бир маселе болгон учурда президент жана министрлер кабинети тарабынан демилгеленген айрым мыйзам долбоорлору жана бюджетке тиешелүү маселелер үч окуудан кезексиз каралышы мүмкүн. Ошондой эле Жогорку Кеңеш башка ченемдик укуктар каралбаган болсо чечимдерин көпчүлүк добуш менен кабыл ала турганы жазылган", — деди Эргешбаева.
Ошондой эле ал конституциялык мыйзамдар, стратегиялык маселелер боюнча мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен кабыл алынарын кошумчалады.