БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин аялы менен балдарына кайсы байлыгы калтырылганын айтты.
Ташиев УКМКнын кызматкерлери үчүн салынган имараттын ачылышында сүйлөгөн. Ал Көлбаевдин тууган-уругу мыйзамды бузбаса аларга эч ким тийбей турганын белгиледи.
"Мыйзамды бузбаса балдарына, аялдарына, тууган-уругуна тийбейбиз. Мына аялы ресторанын сурады, мейли ушуну менен жан бак деп бөлүп бердик. Машинесин сурады аны бердик. Көчөдө калбашыңар керек деп үч кызына үч батирин, эки баласына эки батирин, бир Техникалык көзөмөл кызматы бар экен ошону бердик. Эки жер тилкесин калтырдык. Өздөрүнүн таза эмгеги менен жашашсын. Бирок коммерциялык, башкалардан тартып алган миллиарддаган мүлкүн мамлекетке өткөрдүк", — деди Ташиев.
Ал кримтөбөлдүн башка байлыктары да мамлекетке өтүп жатканын кошумчалады.