Ташиев Камчы Көлбаев менен байланышы бар мамкызматкерлердин санын айтты

УКМК төрагасы мамлекеттик органдарды таза эмес иштеген кызматкерлерден тазалоо иштери мындан ары уланарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жок кылынган Камчы Көлбаев менен Кыргызстандагы түрдүү рангдагы мамлекеттик 225 кызматкердин байланышы бар экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин кызматкерлери үчүн курулган кезектеги имараттын ачылышында айтты.
Ташиевдин билдирүүсүнө ылайык, алардын ичинен мамлекеттик 133 кызматкердин Көлбаевдин тобу менен байланышы болсо, 92 кызматкер Райымбек Матраимовдун тобу менен байланыш түзгөн.
"Алардын ичинен 70тен ашыгы кызматтарынан бошотулду. Бажы кызматынын өзүнөн эле 85 кызматкер аныкталды, алардын 50сү иштен алынды. Мамлекеттик органдарды таза эмес иштеген кызматкерлерден тазалоо иштери мындан ары дагы уланат", — деди Ташиев.
Камчыбек Ташиев: Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон пайдасыз