Жаңы, кубаттуу Ил-96-400М аба кемеси. Инфографика

Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жарандык авиациянын жаңы доору: Россияда фюзеляжы кең, алыска учуучу учактарды жасоо иштери кайрадан калыбына келе баштады.
Мурда мындай класстагы аба кемелерин Европалык Airbus корпорациясы жана америкалык Boeing компаниясы куруп келгенин аскерий эксперт Александр Хроленко белгилейт.
Россия 1-ноябрда биринчи ирет абага көтөрүлгөн Ил-96-400М лайнерин көрсөттү. Самолёт 2 миң метрге чейин көтөрүлүп, саатына 360 чакырымга чейин жүрдү.
Ил-96-300 үлгүсүнөн айырмаланып 300 орунга эсептелген. Жаңы лайнер 402ге чейин жүргүнчүнү ташый алат.
Ил-96-400М программасы РФ президенти Владимир Путиндин өлкөнүн ар кыл аймактарына каттоо жана ар кандай жүктөрдү ташууну жеңилдетүү иш-аракетинин негизинде кабыл алынган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Авдеев, Купянск... Эксперт кармаштын катуу жүргөн жерлери боюнча айтып берди