Эмделген бала кызамыктан корголот. Министрлик ата-энелерге эскертүү берди

Медиктер вирустун жугушу эмделбеген балдар арасында кездешип жатканын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык менен ооруган 4098 учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жаш курагы боюнча алганда илдетке кабылгандардын 88,3 пайызы 10 жашка чейинки балдар. Бейтаптардын 87 пайызы же 3140ы ар кандай себептер менен кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн эмес.
"Кызамык вирусунун активдүү циркуляциясы Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда. Вирус эмделбеген балдар арасында кездешүүдө. Оорунун очогун локализациялоо үчүн кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө жүргүзүлүүдө. Ошондой эле шаарларда кошумча эмдөө кампаниясы уланууда", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик кызамык кооптуу оору экенин эскертип, балдарды өз убагында эмдетүү зарылдыгын белгиледи. Вакцина алуу акысыз.
Ведомство Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, октябрь айына карата Казакстанда 13 миңден ашуун, Россияда 8,6 миң, Өзбекстанда 164 жана Түркияда 2,6 миң учур катталганын кошумчалады.
Пресс-борбор
Кыргызстанда тогуз айда 17 миң адам эмдөөдөн баш тарткан