Бишкекте жумуш издегендер үчүн жарманке өтөт. Убактысы

Саамалык Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкекте 29-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында иш жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.
Жарманкеде алты миңден ашуун вакансия боюнча маалымат берилет. Иш-чарага борбор калаадагы 70тен ашык ишканалар катышары айтылды.
"Жарманке Кыргыз улуттук филармониясында саат 10:00дөн 14:00гө чейин өтөт. Кирүү акысыз", — деп айтылат маалыматта.
Күнүнө 1 200 сомдон төлөнөт! Мэрия жумуш сунуштоодо