Байдендин күтүүсүз кадамы Индонезиянын президентин таңгалдырды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жозеф Байден Индонезиянын президенти Жоко Видодону оңтойсуз абалга кептеген видео интернет айдыңына тарады.
Аны Sputnik Ближнее зарубежье жарыялаган.
Окуя эл аралык иш-чара аяктап, жалпы лидерлер сүрөткө түшүп бүткөндөн кийин болгон. АКШнын президенти Жозеф Байден солго бурулуп, жанында турган кесиптешине капыстан эле кол сунган. Түшүнбөй калган Видодонун шашкан тейде саламды алик алып, учурашкандан кийинки реакциясы камерага түшүп калган. Ал эч нерсе дебестен, кылчак-кылчак карап, жалпы агым менен сыртка жөнөгөн. Ал эми Байден эч нерсе болбогондой, анын артынан басып баратканы менен видео аяктаган.
АКШ лидеринин капыстан жасаган күтүүсүз кыймылдары туурасында интернет айдыңына соңку убакта маалыматтар көп чыга баштады.
Байден АКШнын эң улгайган президенти, учурда 81 жашта. Атаандаштары анын ыңгайсыздык жараткан же күлкүлүү кырдаалга кабылган учурларына себеп карылыгы жана ден соолугунун соо эместиги деп айтып келишет.
Байдендин курал боюнча саммиттеги сөзү элди кайрадан таң калтырды. Видео