БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги балык урук таштаган мезгилде балык уулоого тыюу салынарын эске салды. Маалыматта белгиленгендей, балыктын урук таштаган мезгили төмөндөгүдөй:
Ысык-Көлдө:
чабак – 15-марттан 30-апрелге чейин;
чабак, кубулма, тыран – 1-майдан 1-июлга чейин;
маринка, көкчаар – 15-апрелден 15-майга чейин;
каңылтыр – 15-майдан 15-июлга чейин.
Мекеменин маалыматы боюнча, башка балык чарба көлмөлөрүндө жыл сайын 1-майдан 1-июнга чейин – чортон, кызыл канат, плотва, чабак, алабуга, таманбалык, кубулма, тыран, маринка, көксерке, каңылтыр, жаян балык, макоо балык, амур балыктары урук таштайт.
"Балык чарба көлмөлөрүндө, дарыяларда балык кармоо Балык чарба департаменти тарабынан көзөмөлдөнгөн акы төлөнүүчү билеттер жана карталар менен жүргүзүлөт. Бир учурда бир балыкчыга же кайыкка үчтөн ашпаган жабдык колдонууга уруксат берилет. Эгерде кармалган бир балыктын салмагы белгиленген суткалык ченемден ашса балык кармоо нормасынан ашык болуп эсептелбейт", — деп айтылат маалыматта.