КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы

Бишкекте Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүп жатат. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө.
1 / 5

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө

2 / 5

Иш-чара КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын сессиясынын алкагында уюштурулган

3 / 5

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Армения, Азербайжан, Беларусь өлкөлөрүнөн делегаттар катышууда

4 / 5

Делегация башчыларына Айтматовдун чыгармалары боюнча театрлаштырылган этюддар жана "Чыңгыз Айтматов" тасмасы тартууланууда

5 / 5

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда Роза Айтматова менен Аскар айтматов

Иш-чара КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) сессиясынын алкагында уюштурулган.
Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Армения, Азербайжан, Беларусь өлкөлөрүнөн делегаттар катышууда. Тактап айтсак, КМШ ПАА кеңешинин, Россиянын Федералдык жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенко, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурлан Шакиев, Азербайжан Межилисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Армениянын Улуттук чогулушунун төрагасынын орун басары Рубен Рубинян, Беларусь парламентинин спикери Наталья Кочанова, Казакстан Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Тажикстан парламентинин спикери Рустам Эмомали, Өзбекстан Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева келген.
Делегация башчыларына Айтматовдун чыгармалары боюнча театрлаштырылган этюддар жана "Чыңгыз Айтматов" фильми тартууланууда.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Бишкекте ЖКнын 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция башталды. Видео