БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы Биринчи май районунун жалпы билим берүү мекемелеринде "Смартфонсуз сабак" долбоору ишке ашырылганын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул долбоордун алкагында райондогу 22 мектепке 1801 куту сатып алынган.
Мындай кадам окуучулардын сабакта алаксыбашы үчүн жасалып жаткандыгын айтышты.
"Мектеп окуучуларынын алаксыбашы жана материалды жакшы өздөштүрүүсү үчүн сабактар башталар алдында окуучулар өздөрүнүн гаджеттерин бардык класстарда орнотулган номурланган кутуларга салышат. Балдар телефондорун сабактын аягында же тыныгуу учурунда кайра колдоно алышат", — деп айтылган маалыматта.
Мындай кутуларды алууга жергиликтүү бюджеттен 3 млн. сом бөлүнгөн.
Маалымат кызматы бул кадам Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырованын демилгеси менен башталып, сынамык долбоор №70 мектепте өткөрүлгөндүгүн белгиледи.