Пресс-борбор

ЖККУнун кезектеги машыгуулары кайда өтөрүн Бириккен штабдан айтып беришти

Пландалган иш-чаралардын кайсы полигондордо өтөрү кечирээк маалымдалат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги аскердик машыгуулары Борбор Азия чөлкөмүндө өтөт. Бул туурасында аталган уюмдун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров видеокөпүрө учурунда айтты.
Иш-чара Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн.
"2024-жылдагы Жаматтык коопсуздуктун планы Борбор Азия аймагы боюнча жасалды. Кыргызстанда ЖККУнун тез арада аракетке келүүчү жамааттык күчтөрү окуудан өтөт. Казакстанда тынчтык орнотуучу, ал эми Тажикстанда Борбор Азия аймагындагы тез арада аракетке келүүчү жамааттык ыкчам жайгаштыруу күчтөрүнүн машыгуусу өтмөкчү", — деди Сидоров.
Уюмдун пландалган иш-чаралары кайсы полигондордо өтөрүн кечирээк билдирерин кошумчалашты.
Кинодогудай кадрлар! Балыкчыдагы "Бузулбас боордоштук" машыгуусунан видео