Пресс-борбор

Бириккен штаб башчысы: ЖККУ Армениядан кетүүнү пландаган жок

Армениядан ЖККУнун курамынан чыгуу боюнча эч кандай билдирүү келген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. ЖККУнун Армениядан кетүү планы жок. Бул тууралуу аталган уюмдун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров видеокөпүрө учурунда айтты.
Иш-чара Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өттү. Сидоров Армения баштан кечирип жаткан оор кырдаалга комментарий берип жатып ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары көйгөйлөрдү чечүү жолун табарына ишене турганын айтты. Ал Армениянын жетекчилиги тарабынан ЖККУдан чыгуу боюнча расмий билдирүү түшпөгөнүн белгиледи.
"Армения уюмдун документтерин кароо жана туруктуу иштеген органдарды каржылоо боюнча мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө катышып келет. Процесс жүрүп жатат. ЖККУнун өзүндө уюмдун Түштүк Кавказга болгон кызыгуусу тараганы же Армениядан кетүүгө камынып жатканы боюнча эч кандай сөз болгон эмес", — деди Сидоров.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 14-ноябрь күнү Беларустун президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө 23-ноябрь күнү Минскиде өтө турган ЖККУ саммитине катыша албай турганын билдирген.
Пресс-борбор
ЖККУнун кезектеги машыгуулары кайда өтөрүн Бириккен штабдан айтып беришти