УКМК: 2010-жылы Жалал-Абадда башаламандык уюштургандар кармалды

Колго түшүрүлгөндөрдүн жашаган жеринен ок-дары, курал табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. 2010-жылдын июнь окуясында Жалал-Абад шаарында массалык башаламандык уюштургандар жана алардын лидерлери колго түшүрүлгөнүн УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ызы-чуу жараткандардын лидери Г.Т.У. 13-ноябрда Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынан кармалган.
"Ал 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда элди башаламандык уюштурууга үгүттөп, жол тосуп, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууларды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлеринин бири болгон", — деп айтылат кабарда.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө дагы бир Р.А. аттуу жарандын сепаратисттик иштерге тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар табылган. Ал 2010-жылдагы июнь окуясында Сузак районундагы Круговое деп аталган жер тилкесине жооптуу болгон.
"Анын жашаган жери тинтилип, жыйынтыгында SAKO TRG-22 үлгүсүндөгү снайпердик мылтык (дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө атайын күчтөрдүн бөлүктөрүндө колдонулат), оптика, SAUER 101 мылтыгы жана 76 даана ок табылды", — деп жазылат билдирмеде.
Атайын кызмат учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
УКМК: мекенинде башаламандык кылууга Москвадан чакырык салган киши алып келинди