КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы

Садыр Жапаров РФтин Федерация кеңешинин төрайымы Матвиенкону кабыл алды. Сүрөт

Жолугушууда Валентина Матвиенко Садыр Жапаровго өлкөдө орус тилин колдоого алып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алганын президенттин маалымат кызматы билдирди

2 / 2

Белгилей кетсек, Матвиенко өлкөгө КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн келген

Белгилей кетсек, Матвиенко өлкөгө КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн келген.

"Жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери талкууланып, эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду", — деп айтылат кабарда.

Учурдан пайдаланып Садыр Жапаров Владимир Путинге ысык саламын жолдогон. Президент парламенттер аралык кызматташууга токтолуп, Валентина Матвиенконун жеке колдоосу менен парламенттик дипломатия эки жактуу кызматташуунун маанилүү каналына айланганын белгиледи.
Өз кезегинде Валентина Матвиенко Владимир Путиндин саламын айтып, бир катар чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеген. Ал Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду россиялык ири компаниялар ишке ашырууга кызыкдар экенин кошумчалаган.
Матвиенко Садыр Жапаровго өлкөдө орус тили колдоого алынып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн жетекчилеринин демилгеси менен Кыргызстанда заманбап тогуз мектепти куруу сыяктуу ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырыла турганын белгилеген.
Валерий Фальков: жыл сайын 3 миңдей кыргызстандык Россия ЖОЖдорун аяктайт