Россия Дубайдагы Airshow 2023 көргөзмөсүнө эмнелерди алып барды. Видео

Dubai Airshow 2023 көргөзмөсүнө Россия көптөрдү таңгалдырган уникалдуу экспонаттарды алып чыкты.
Sputnik
Алардын ана башында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн үшүн алган Ка-52 "Аллигатор", истребителдерге ууга чыккан "Викинг" зениттик ракеталык комплекси жана оор транспорттук Ил-76МД-90А(Э) болду.
Андан сырткары, Ка-32А11М, Ми-171А3 "Ансат", Су-30СМ жана Су-35С, "Орлан-30" пилотсуз аппараты, "Изделие-305Э", Х69, РВВ МД2, РВВ-БД ракеталары, Калашников АК-19 автоматы, учкучсуз аппараттарга каршы комплекстер бар.
Эске салсак, 2021-жылы Дубайда Рособоронэкспорт 1,3 млрд. долларга чукул суммага келишим түзгөн. Бардык типтеги учуучу аппараттар боюнча 2,5 млрд. долларлык сунуш түшкөн.
Быйыл өткөн жылдагыга салыштырмалуу дагы ийгиликтүү болуу ыктымалдыгын айтышты.
Тема боюнча:
Уникалдуу "Бурандын" космоско биринчи жана соңку ирет учушу. Видео