ЕАӨБ: Кыргызстандагы ирригация объектилери 30-40 жылдан бери колдонулат

Өлкөнүн ирригациялык инфраструктурасынын абалы канааттандырарлык эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын ирригациялык инфраструктурасынын көпчүлүгү кеминде эле 30-40 жылдан бери пайдаланылып келет. Бул жөнүндө Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) "Борбор Азияда майнаптуу ирригация жана сууну сарамжалдоо" аттуу докладында айтылат.
"Ирригациялык инфраструктуранын басымдуу бөлүгү колдонулуп келе жатканына 30-40 жана андан да көп жыл болду. Созулуп келе жаткан социалдык-экономикалык каатчылык, анын ичинде бул тармактагы инвестициянын жетишсиздиги жана аягына чыкпай калган реформалардын кесепетинен улам канааттандырарлык абалда эмес", — деп белгилешет аталган докладдын авторлору.
Алар докладда келтирген маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасында 2017–2026-жылдары сугат тутумун жакшыртуу боюнча мамлекеттик программага 46 сугат чарба объектиси тандап алынган. Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу (58,8 миллиард сом) 66,5 миң гектар жаңы сугат жерлерин киргизип, суу менен камсыз кылууну 51,08 миң гектарга жогорулатууга жол ачат.
Мындан тышкары, 9,5 миң гектар жерди машина менен сугаруудан тамчылатма түрүнө өткөрүп, 50 миң гектар жерди семиртүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстанда суу мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп пайдаланыла баштады