Радио

Маматалиев: казылган кенден алынуучу мамлекеттик үлүштү жогорулатуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев кен байлыктарды казып алууда мамлекеттик үлүштү бекитүү боюнча мыйзам сунушталып жатканын кошумчалады.
Sputnik
Кен иштетүүгө берилген лицензияларды кайтаруу жана анын ишин токтотууда өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушталууда. Бул тууралуу Марлен Маматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жер казынасы жана аны пайдаланууга тиешелүү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталууда.
"Аталган мыйзамда эки багыт каралган. Биричиси, айрым учурларда лицензия берилген соң экологиялык маселелерге же жергиликтүү калктын каршылыгына байланыштуу көйгөйлөр жаралып калат. Ошол багытта министрлер кабинетинин лицензияны кайтаруу, анын ишин токтотуу боюнча маселерде ыйгарым укуктарын кеңейттик. Экинчи багытында кен иштетүүдө мамлекеттик үлүштүн өлчөмү көрсөтүлүүдө. Бир жыл мурда алтын казууда кеминде 30 пайыз мамлекеттин үлүшү болушу керектиги боюнча мыйзам кабыл алынган. Ошондо ача пикирлер болуп, бул көрсөткүчтү 70-80 пайыз кылуу керектиги айтылган. Бирок мындай талап инвесторлор үчүн кызыкчылык жаратпай калуу тобокелдигин эске алып, минималдуу 30 пайыз калтырылган. Мүмкүнчүлүккө, шартка жараша өкмөт мамлекеттин үлүшүн сүйлөшүү менен 40, 50, 60, андан дагы көп пайызды макулдашууга киргизсе болот", — деди Маматалиев.