БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. 2025-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБдин энергетикалык ресурстарынын жалпы рыногун ишке киргизүү пландаштырылууда. Бул электр энергиясынын чыгымдарын ачык камсыз кылууга жардам берет. Мындай пикири менен Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев бөлүштү.
Ал Москвада өткөн "Интеграция" деп аталган Евразиялык ишкерлер форумунун пленардык жыйынында сүйлөгөн.
"2025-жылдын 1-январынан тартып биримдиктин энергетикалык ресурстарынын жалпы рыногун түзүү пландалууда. Электр энергиясынын мындай рыногун түзүү — ЕАЭБ мамлекеттерине аталган мейкиндикте чек ара соодасын жүргүзүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Электр кубатынын чыгымдары ачык-айкын болуш үчүн электр энергиясынын баасы биржа механизмдерин колдонуу менен түзүлөт", — деген ЕЭК министри.
Ал ЕАЭБ мамлекеттеринде "жашыл" экономикага өтүү жана альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалар кабыл алынганын белгилеген.