КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы

Эмомали Рахмондун уулу Кыргызстанга учуп кетти

Рустам Эмомалини парламенттеги комитет башчылары жана башка бийлик өкүлдөрү коштоп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Тажикстан парламентинин спикери Рустам Эмомали КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) күзгү сессиясына катышуу үчүн Бишкекке учуп кеткенин Sputnik Тажикстан жазды.
Маалым болгондой, аны парламенттеги комитет башчылары жана башка бийлик өкүлдөрү коштоп кеткен.
Тажикстан президентинин улуу баласы, 35 жаштагы Рустам Эмомали мамлекеттик кызматтагы карьерасын 2006-жылы баштаган. Бир катар мекемелерде иштеп, 2012-жылы Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп, кийин аны жетектеген. 2017-жылы Душанбе шаарынын мэри болсо, 2020-жылы Тажикстан парламенттин жогорку палатасынын спикери болуп шайланган.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Кыргызстанга Россиянын Федерация кеңешинин делегациясы келди. Видео