БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы "жашыл" экономиканын принциптерин киргизүү концепциясы тууралуу сунуштаманы ЕАЭБ алкагында кабыл алды.
ЕЭКтин макроэкономика жана интеграция министри Сергей Глазьев документте ЕАЭБдеги "жашыл" экономиканын төрт принциби көрсөтүлгөнүн айтып, аларды тизмектеген.
"Жашыл" долбоорлорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук;
Мүчө мамлекеттердин ортосунда климатты көзөмөлдөө боюнча тажрыйба жана практика алмашуу;
Экономикалык натыйжалуулук;
Экономикалык өсүш менен адамдын айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин ортосундагы өсүп бара жаткан ажырымды камсыз кылуу.
"Даярдалган концепцияны колдонуу биримдиктеги ар бир мамлекетке бир жагынан экология жана климатты коргоого, экинчи жагынан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн улуттук максаттарына жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деген ал.
ЕАЭБ өлкөлөрүнө "жашыл" экономикага өтүү боюнча чараларды иштеп чыгууда концепцияны эске алуу сунушталган.