Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1дин долбоорун толук иштеп чыгууга 5 млн. доллар берет

Тараптар каражат алуу тууралуу тиешелүү макулдашууга кол коюшкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңыртуу үчүн 5 миллион доллар берет. Бул туурасында Финансы министрлиги билдирди.
Тиешелүү макулдашууга финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви кол койгон.
Каражат Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоого жана толуктап иштеп чыгууга багытталат.
Жолугушууда ошондой эле энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана жаңы потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар талкууланган.
Садыр Жапаров: Камбар-Ата ГЭСинин долбоору бардык инвесторлор үчүн ачык