УКМК чет элдик жарандан 60 млн. сомго жеткен баңгизат тапты

Атайын кызмат баңгизатты жайылтууга жаштар көп тартылып жатканын эскертип, ата-энелерди балдарына көз салууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. УКМК чет элдик жарандан баасы дээрлик 60 милиион сомго жеткен мефедрон табылганын кабаралады.
Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөн чет элдик жаран баңгизат боюнча шугулданган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү болгон.
"Чет элдик жарандын 9 килограмм 980 граммды түзгөн мефедрон синтетикалык баңгизатын алып жүргөнү аныкталып, ал Чүй облусунун Учкун айылынын жанынан өткөн "Манас" аэропорту – Бишкек жолунан кармалган. Табылган жүктүн баасы 59 880 000 сомго жеткен", — деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту ("Ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү") беренесине ылайык иш козголгон. Чет элдик жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Атайын кызмат баңгизатты жайылтууга жаштар көп тартылып жатканын эскертип, ата-энелерди балдарына көз салып, алардын убактысын жана чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.
"Мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан ашкандар 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат", — деп жазылат маалыматта.
"Манас" аэропортунан 51,8 килограмм алтын менен чет элдик жаран кармалды. Сүрөт