ЕАӨБ: Борбор Азияда күндүн табы планетадагы орточо көрсөткүчтөн да тез көтөрүлүүдө

Борбор Азия климаттын өзгөрүшүнө дуушар боло турган чөлкөмдөрдүн катарына кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Борбор Азияда күндүн табы планетадагы орточо көрсөткүчтөн да тез көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) "Борбор Азияда майнаптуу ирригация жана сууну сарамжалдоо" аттуу докладында айтылган.
Ошондой эле Борбор Азия климаттын өзгөрүшүнө дуушар боло турган чөлкөмдөрдүн катарына кирет.
"Бул аймакта күндүн табы планетадагы орточо көрсөткүчкө караганда тезирээк көтөрүлүүдө. Мындай көрүнүш мөңгү аянттарынын азайышына алып келүүдө. Алардын көлөмү соңку 50 жылда дээрлик 30 пайызга төмөндөгөн", — деп айтылат Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматында.
Докладдын авторлорунун баамында, бул жагдай өзөн агымдарын азайтып, чөлкөмдө айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурат.
Радио
Ырсалиев: төрт райондо токой жана жайытты жакшыртуу долбоору иштей баштады