Борбор Азия өзүн түшүм менен камсыздай алабы жана КР боюнча божомол кандай?

2021-жылы чөлкөмдөгү өлкөлөр өзүн азык-түлүк менен (энергетикалык баалуулукка которуп эсептөөдө) 90 пайызга бага алчу.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Божомолдорго ылайык, 2035-жылга чейин кырдаал, дегеле Борбор Азия өлкөлөрүндө азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоо жагдайы анчалык деле өзгөрүп кетпейт. Анткен менен чөлкөмдүн айрым өлкөлөрүндө абал начарлашы ыктымал. Мындай божомол Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) "Борбор Азияда майнаптуу ирригация жана сууну сарамжалдоо" аттуу докладында камтылат.
2021-жылы Борбор Азияда агроөнөр жай комплексинин өндүрүмдөрүнүн негизги түрлөрү менен өзүн-өзү камсыздоо* деңгээли)
2021-жылы чөлкөм азык-түлүк менен өзүн-өзү 90 пайызга (энергетикалык баалуулукка которуп эсептөөдө) камсыздап калган.
Жалпы жонунан азык-түлүк коопсуздугун Казакстан (111 пайызга) гана камсыз кыла алганы маалым. Анткен менен кайсы бир өндүрүмдөр боюнча анын деңгээли жетишсиз болгону да жашыруун эмес.
Бул жагынан Кыргызстан (72 пайыз), Тажикстан (63 пайыз) жана Өзбекстан (77 пайыз) көпчүлүк негизги өндүрүмдөрдү чыгарууда жетишерлик деңгээлге жете элек, азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн сырттан сатып алат.
"Евразия өнүктүрүү банкынын божомолдоруна ылайык, 2035-жылга чейинки узак мөөнөттүү келечекте Борбор Азия мамлекеттеринде азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоо кырдаалы анчейин деле өзгөрүп кетпейт. Ал түгүл айрым өлкөлөрдө чектеген фактор жана чөлкөмдүн өзгөчөлүктөрүнөн улам жагдай начарлап да кетиши күтүлөт", — деп айтылат ЕАӨБдүн билдирүүсүндө.
Борбор Азияда айыл чарбасынын өнүгүүсү жаңы жерлерди киргизүүнүн чектелген потенциалы, суу ресурстарынын таңсыктыгы, технологиялык өсүштүн таскактыгынын айынан жай жүрөрү белгиленген. Ошол эле учурда жогорку демографиялык өсүш айыл чарбасын жана азык-түлүк коопсуздугун солгундатат.
Казакстанда кабыл алынган мамлекеттик программалар ийгиликтүү ишке ашырылса гана чөлкөм азык-түлүк жаатындагы өз алдынчалыкка 2035-жылы (103 пайыз) жетиши мүмкүн.
"Бул мамлекет азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин 127–143 пайызга чейин көтөрүп, азык-түлүк өндүрүмдөрүнүн таза (нагыз) салмакта экспорттоочу катары өз ордун бекемдеп алышы ажеп эмес", – деп айтылат аталган документте.
Аймактагы биздин өлкө жана башка мамлекеттер боюнча докладда: “Кыргызстан (76–89 пайыз) менен Өзбекстан (69–83 пайыз) улуттук программаларын жүзөгө ашыра алса жагдайды жакшырта алышат. Ал эми Тажикстанда (53 пайыз) азык-түлүк коопсуздугу начарлайт”, – деп белгиленет Евразия өнүктүрүү банкынын докладында.
Кыргызстанда суу мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп пайдаланыла баштады