БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. X социалдык тармагынын колдонуучулары АКШнын мамлекеттик катчысы Америка, Кытай лидерлери Жозеф Байден жана Си Цзиньпин жолугуп жаткан учурда өтө эле тынчсызданып жатканын байкашканын РИА Новости жазды.
Кадрдан мамлекеттик катчы лидерин көзөмөлдөп тургандай, Байдендин ар бир сөзүнө, ал тургай кыймылына байкоо салып турганы көзгө урунат.
X тармагынын колдонуучулардын бири "Блинкенди карасаңар, Байденди карчыга куш сымал байкап, ката кетирсе аралаша калайын дегендей байкап, көз салып турат", — деп белгилеген.
Дагы башка колдонуучу "Блинкен жини келип, азыр-азыр "жарылчудай" абалда" деп сүрөттөгөн.
Үчүнчү бирөө "бир нерседен кооптонуп тургандай, негизи ошондой эле болушу керек" деген.