КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы

Бишкекте троллейбустар убактылуу токтотулду

Кечээ мэриядан № 5, 6, 11 жана 14-каттамдагы троллейбустар жүрбөй турганын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Борбор калаада троллейбустардын кыймылы толугу менен токтотулгандыгын Бишкек мэриясынын билдиришти.
Бул калаада бүгүн-эртең өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясына байланыштуу болуп жатканы айтылды.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурады.
Эске салсак, кечээ муниципалитеттен Бишкекте төрт троллейбус (№ 5, 6, 11, 14) саат 8:00дөн тарта линияга чыкпай турганын кабарлашкан.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
16-17-ноябрда Бишкектин кээ бир көчөлөрү жабылат