БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Глобализация жана мобилдик доордо элдин маалыматка, телекоммуникацияга жеткиликтүүлүгү ар бир өлкөдөгү кадыресе суроо-талап. Бул идеяны колдогон "билайн" Россияга кирген кыргызстандыктар үчүн адистештирилген "Кош келиңиз" порталын ишке киргизди. Ал колдонуучулардын компаниянын пайдалана турган кызматтарын тез, ачык, даана жана түшүнүктүү кылып алуусуна көмөктөшөт.
Порталга маалыматтар орус жана кыргыз тилинде киргизилген. Бул Россияга келгендердин "билайндын" кызматтарын болушунча так, даана түшүнүп алышын жеңилдетүүгө багытталган.
Аны менен катар эле порталга чет элдик колдонуучулар үчүн ылайыкталган маанилүү инструменттер киргизилген. Алардын ичинде SIM-картаны иштетип алуу, телефонго бирдик салып-толтуруу, чыгымдарды текшерүү жана кошумча опцияларды кошуу бар.
Дагы бир нерсе — бул жерден чет өлкөгө акчаны кантип которууну, өлкөдө болушуңузду мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылчу ар кыл кызматтарга кандай кылып төлөө керектигин билип алсаңыз болот.
Порталдан камсыздандыруу полистерин толтуруу жеткиликтүү болот. Бул медициналык жардам алуу зарылдыгы жаралганда сиздин коопсуздугуңузду карайт жана бюрократиялык татаалдыктардан алыс болууга жардамдашат.
Кинону, сериалды жакшы көргөндөр атактуу Premier жана Viju каналына жазылып, "билайн ТВ" кызматтарына кошула алат.
"Кош келиңиз" порталы — Россиядагы чет элдиктердин жашоосун жеңилдетүүгө жасалган кадам.
Материал коммерциялык негизде жарыяланган.