Эдил Байсалов Санкт-Петербургдун губернатору менен жолукту

Шаар губернатору биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санкт-Петербург шаарынын губернатору Александр Беглов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлады.
Сүйлөшүүлөр Смольный сарайында жүргөн. Анда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын жана билим берүү тармагындагы өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Байсалов 21-сентябрда Бишкекте өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык Кыргызстан-Санкт-Петербург биргелешкен комиссиясынын кезектеги 12-жыйынынын ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал ошондой эле быйыл Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылганын эске салып, анын иши эки тараптуу кызматташтыктын бардык багытын, негизинен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда бекемдей турганын айтты.
Ал эми Александр Беглов Кыргызстандын экономикасынын олуттуу өсүшүнө байланыштуу өз ара мамилелер чыңдалып жатканын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.
Анна Кутанованын музейиндеги 40 экспонат Санкт-Петербург университетине берилди