Радио

Букуев: Кыргызстандын банктарындагы депозиттин суммасы 419,8 млрд. сомду түздү

Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев депозиттерди коргоо фонду 5,5 миллиард сомдон ашканын айтты.
Sputnik
Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча, Депозиттерди коргоо агенттигинин реестрине катталган 25 финансылык мекеменин депозиттик базасы 419,8 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Кадырбек Букуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, депозиттик базанын көрсөткүчү жыл башынан бери 24 пайызга көбөйдү.
"Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгын карасак, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин реестрине катталган 25 финансылык мекеменин депозиттик базасы 419 миллиард 805 миллион сомду түздү. Бул көрсөткүч жыл башында 346 миллиард 471 миллион сом эле, тагыраагы, учурда 24 пайызга көбөйдү. Агенттик коммерциялык банктардан жана финансы-кредиттик мекемелерден квартал сайын жыйымдарды чогултуп жатабыз. Аманаттарды коргоо фонду жыл башында 4,5 миллиард сом болсо, азыр 5,5 миллиард сомдон ашты", — деди Букуев.