Пресс-борбор

ЖККУ штабынын жетекчиси: Афганстан ЖККУ мамлекеттери үчүн коркунуч жаратпайт

Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Афганстан ЖККУ мамлекеттери үчүн олуттуу аскердик коркунуч жаратпайт. Бул тууралуу аталган уюмдун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров видеокөпүрө учурунда айтты.
Иш-чара Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өттү.
"Бүгүнкү күндө Афганстандын аймагынан аскердик кооптуулук жараткан көйгөй жок. Бирок биз бул өлкөнүн жетекчилиги мамлекеттин аймагындагы абалды толук кандуу көзөмөлдөбөй турганын түшүнүп турабыз. Ошондуктан тийиштүү чаралар көрүлүүдө", — деди Сидоров.
Ал ошондой эле Афганстан ички көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издеп жатканын кошумчалады.
Пресс-борбор
Бириккен штаб башчысы: ЖККУ Армениядан кетүүнү пландаган жок