18-ноябрда UFC турниринде кыргызстандык мушкердин алгачкы беттеши болот

Оролбай уулунун атаандашы Абсолюттук мушкерлер чемпионатында буга чейин төрт ирет кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмунда алгачкы беттешин өткөрөт.
Оролбай уулунун биринчи кармашы 18-ноябрда Лас-Вегас шаарында UFC FN Vegas 82 турниринин алкагында Абсолюттук мушкерлер чемпионатында болот. Анда кыргызстандык сербиялык спортчу Урош Медич менен күч сынашат.
Best of MMA паблиги жазгандай, Мыктыбек Оролбай уулу ММА мушташында 13 беттеш өткөрүп, анын 11инде жеңишке жетип, 1 ирет утулуп калган. Ал эми атаандашы Медичте 10 беттеш болгону, анын тогузунда жеңишке жетип, бир жеңилгени жазылган.
Белгилей кетсек, UFC беттештеринде Кыргызстандын атынан бир тууган Валентина жана Антонина Шевченколор чыгып келе жатышат.
Ташиев: мамлекет футбол стадиондору менен талаалардын курулушун каржылайт