Радио

Ырсалиев: төрт райондо токой жана жайытты жакшыртуу долбоору иштей баштады

Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары Бактыбек Ырсалиев "Токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрлөө" долбоору тууралуу айтып берди.
Sputnik
Токой жана жайыттарды жакшыртуу боюнча долбоор төрт райондо сынамык режимде ишке ашырылат. Бул тууралуу Бактыбек Ырсалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ал үчүн табигый токойлор калыбына келтирилип, агротокойчулук өнүктүрүлөт.
"Аталган долбоор 2016-жылдан бери даярдалып келип, 2019-жылы Жашыл климаттык фонд тарабынан каржылоо чечилген. Коронавирустук пандемияга байланыштуу аны ишке ашыруу аракеттери басаңдай түшкөн. 2021-жылы гана Жогорку Кеңештен ратификациядан өтүп, президент кол койду. Ошентип долбоордун иши быйыл башталып, жыл соңуна чейин жергиликтүү элге маалымат жеткирүү өнөктүгү жүргүзүлөт. Долбоордун алкагында Ак-Талаа (Нарын), Сузак, Тогуз-Торо (Жалал-Абад) жана Өзгөн (Ош) райондору сынамык аймак катары тандап алынган. Аталган жерлер токой чарбалары жана Саймалуу-Таш (Тогуз-Торо), Кара-Шоро (Өзгөн) мамлекеттик жаратылыш парктары долбоорду ишке ашырууга катышат. Сузак менен Өзгөндө өзгөчө кырдаал тобокелдиги курч болгондуктан, Тогуз-Торо менен Ак-Талаа бири-бирине жакын жайгашып, долбоорду башкарууда мобилдүүлүк үчүн тандап алынган. Бул төрт райондордогу беш токой чарбасында үч миң гектардан ашык токой калыбына келтирилет. Ал үчүн аталган жерлерге көчөтканалар түзүлүп, күнөсканалар курулат. Долбоорду ишке ашыруу 2030-жылга чейин мерчемделип, токойлорду, жайыттарды жакшыртуу аркылуу атмосферага көмүр кычкыл газынын жайылышын азайтуу максаты коюлган", — деди Ырсалиев.
Ошондой эле ал долбоор экологиянын жакшырышына таасирин тийгизип, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өбөлгө болорун кошумчалады.