Таштанды челектен табылган наристени таенеси багып алууга даяр экенин айтты

Ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте таштанды челектен табылган наристени таенесине берүү каралат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, ымыркайдын Таластан келген таенеси небересин алып кетүүгө даяр экенин билдирген.
"Бирок ага берүү үчүн мыйзамга ылайык шарт, талаптар аткарылышы керек. Бул боюнча атайын жумуш жүрөт. Учурда бөбөк дары-дармек, медициналык жардам жана кийим-кече менен камсыздалган", — деп айтылат кабарда.
Октябрь райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк беришкени кошумчаланды.
2023-жылдын 8-ноябрында борбор калаадагы таштанды челектин ичинен кызыл эт ымыркай табылган. Бала №1 төрөт үйүнө тапшырылып, медициналык кароодон өткөрүлгөн. Кийин анын энеси табылып, кармалган. Наристеге дарыгерлер президент Садыр Жапаровдун ысымын ыйгарышкан.
Таштанды челектен ымыркайды таап алган чет элдик студенттер сыйланды. Сүрөт