ЖК салыктык карызы 100 миң сомдон ашса чет өлкөгө чыгарбоо долбоорун четке какты

Депутаттар бул чектөө карапайым адамдарга көп кыйынчылык жаратарын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш салыктан карызы бар кыргызстандыктардын чет өлкөгө чыгышына бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоорун четке какты.
Мындай чара 100 миң сомдон көп суммада төлөбөгөн жарандарга колдонулмак. Бирок депутаттар ага макул болгон жок.
Депутат Сүйүн Өмүрзаков калктын аялуу катмары карыздарынан кутулуу үчүн чет өлкөгө иштегени кетерин жүйө келтирди. Ал эми Шарапаткан Мажитова азыр үй сатууда дагы жарандардын мойнуна салык илинип калып жатканын айтып, бул чектөө көп кыйынчылык жаратарын белгиледи.
Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова мындай механизм учурда дагы иштеп турганын, азыр мыйзамдык жагы жөнгө салынып жатканын айтты. Анткени буга чейин Конституциялык сот "тышка чыгууну чектөө процедурасы күмөн жаратат" деген чечим чыгарган.
Натыйжада эл өкүлдөрүнүн 44ү "макул", 9у "каршы" добуш берди. Долбоорду кеминде 46 депутат колдосо өтмөк.
Кыргызстанда 1xBet онлайн кумар оюндарына тыюу салынды